Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан кантип сынак алынары айтылды. 

 

"Бул боюнча атайын жобо иштелип чыкты. Ага ылайык, эрежени одоно бузган айдоочулар токтотулуп, планшет менен тест тапшырышат", - деди ИИМ министринин орун басары Адылбек Бийбосунов. 

Ал белгилегендей, берилген суроонун төртөөнө туура жооп берген айдоочу жолун улайт. А жооп бере албагандардын айдоочулук күбөлүгү алынат жана кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт. 

Министрдин орун басары баары автоматташтырылган маалыматтык тутумда болорун кошумчалады.