УКМКнын маалыматында, Ленин райондук милициясынын кызматкерлери «майда бейбаштыкка» шектелип кармалган жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирип, ал жерден сабашкан. Алган жаракаттарынан улам жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Эксперттик корутундуга ылайык, жабырлануучу төмөнкүдөй жаракаттарды алган:
- баш мээнин чайкалышы менен коштолгон жабык баш мээ жаракаты;
- эки омуртканын өсүндүлөрүнүн сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты;
- бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү.
21-февралда милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
Репортер