Печать
Категория: Коом
Просмотров: 546

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарындагы реабилитациялык борборлорду мыйзамсыз иштетүү боюнча мурда аныкталган көптөгөн фактылардын негизинде мурунку борборлордогудай мыйзам бузуулар катталып, «Хидальго», «Решение» жана «Бишкек-Маяк» аттуу дагы үч борбордун иши токтотулду. 

Тактап айтканда, реабилитациялык борбордун директорлору жана айрым кызматкерлери көбүнчө дарылоонун адаттан тыш ыкмаларын колдонуп, аларды физикалык күч менен баш ийдирип, электрошокер колдонуп, керебетке, отургучка отургузуп кыйнап, ошондой эле аларды изоляциялык бөлмөлөргө жайгаштырып, муну менен оор психологиялык травма келтиришкен.  

Мындан тышкары, аталган борборлордо бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттар табылып алынган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде соттун чечими менен реабилитациялык борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен «Э.у.Ч.», «К.К.Б.», «Р.Ф.С.», «Ж.А.Ж.», «К.Э.», «Р.В.Г.» жана «М.А.А.», аттуу 7 адам кармалып, камакка алынган. 

Мындан тышкары, мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө «Бишкек-Маяк» реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын эки өлүмү аныкталган.

Азыркы учурда, КР УКМК тарабынан бул адамдардын өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын негизинде юридикалык баа берилет.