Печать
Категория: Коом
Просмотров: 309

2026-жылдын 6-февралында Москва шаарындагы Элчиликте Москванын "Эксмо" басмаканасынан жарык көргөн "Президент Садыр Жапаров. Жаңы Кыргызстандын жаратманы" китебинин салтанаттуу бет ачары уюштурулду. Китептин автору – көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер, дипломат, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумагул Сааданбеков.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, Евразия экономикалык комиссиясынын жана КМШ Аткаруу комитетинин кызматкерлери, кыргыз диаспоралык уюмдарынын жетекчилери жана активисттери катышты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.К.Боконтаев китеп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий портретин ачып берерин жана бир адам – терең акылмандыкка, бекем эркке ээ болгон жана өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтин эбегейсиз масштабын кабыл алган чыныгы лидер – бүтүндөй мамлекеттин өнүгүү парадигмасын кантип өзгөртүп, аны сапаттуу өзгөрүүлөрдүн жана прогрессивдүү реформалардын нугуна сала аларын чындыкка жакын сүрөттөп берерин белгиледи.

Бул контекстте Элчи К.Боконтаев ошондой эле Мамлекет башчысынын чебер жана натыйжалуу жетекчилигинин жылдарында Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана тышкы саясий чөйрөлөрүндө болгон бардык жетишкендиктер жана оң өзгөрүүлөр тууралуу кыскача маалымат берди.

Бет ачардын катышуучулары өз сөздөрүндө Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган жетекчилигинин Кыргызстандын саясий, экономикалык позицияларын чыңдоого, өлкөдө туруктуулукка жана коопсуздукка жетишүүгө, калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган тынымсыз ишин терең канааттануу менен белгилешти жана Кыргызстандын лидери жөнүндөгү китептин басылып чыгышынын актуалдуулугун жана өз убагында болгондугун, анын тарыхый маанисин өзгөчө баса белгилешти.