Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аянтчасында өтүп, Москва шаарында саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын мекендеш дарыгерлерди чогултту.
Жолугушуунун негизги максаты — кыргызстандык медициналык кадрлардын Мекенине кайтып келүүсү, ошондой эле алардын Кыргызстандагы саламаттык сактоо тутумунда кесиптик жактан өзүн ишке ашыруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо болду.