Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

Ички иштер министрлиги  жарандарды аба ырайы жылып, муз эрип жаткан учурда суу бетине чыкпоого чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Муздун калыңдыгы бардык жерде бирдей болбойт жана күтүүсүздөн жарылып кетиши мүмкүн, бул адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат. Айрыкча балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, балык уулоодо же сейилдөөдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл. 

Ички иштер министрлиги эскертет: Коопсуздук - ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги.