2026-жылдын 3-февралында АКШнын Индиана штатындагы State Road 67 автожолунда Б.Б. аттуу 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны катышкан жол-транспорт кырсыгы катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны айдап бара жаткан жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташуучу фургондун катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы бир адам оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.
Учурда штаттын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, жаран Б.Б. камакта кармалууда.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө болуп, алар АКШнын компетенттүү органдары жана Б.Б. иштеген компания менен өз ара аракеттенүүдө, ошондой эле бул окуяга байланыштуу зарыл чараларды көрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, жабыр тарткан жаранга тез сакайып кетүүнү тилейт.