Печать
Категория: Коом
Просмотров: 374

Балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана адистештирилген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан «Максат» реабилитациялык борборунун базасында реабилитология боюнча билим берүүчү жана илимий-усулдук функциялары бар заманбап реабилитациялык шаарчаны долбоорлоо жана куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов «Максат» борборуна барып, анын материалдык-техникалык базасы, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шарттары жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө арналган аймак менен таанышты.

Долбоор балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШО), аутизм спектринин бузулуусу (АСБ), Даун синдрому, өнүгүүнүн кечигүүсү жана башка ден соолукка байланышкан бузулуулар менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарчаны түзүүгө багытталган.