Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарында жеке компаниялар батирлерди чарчы метрин 600 доллардан сатып атканын, ошол эле маалда Мамлекеттик ипотекалык компания берген батирлердин чарчы метри 900 долларды түзүп жатканын айтты.
"Жеке компаниялар жер тилкесин сатып алышат, а МИК аны бекер алат, а эмнеге батирлер кымбат болууда?" - деп сурады депутат.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорунун орун басары Нурлан Кудайкулов:
"Жеке компаниялардан батир алгандан кийин жаран аны өзү оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. А Мамлекеттик ипотекалык компания батирди жашоого ылайыктуу кылып, толук ремонту менен берет", - деп жооп берди.
Депутат "ремонт иштери чарчы метрине 50-100 долларга гана айланаарын" белгиледи.