Печать
Категория: Коом
Просмотров: 384

Депутат Дастан Жумабеков жеке турак жайларга газ жеткирүүдө жарандарга кредиттин негизинде көмөк көрсөтүү туура эмес кадам деп эсептейт. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиевге кайрылып, азыр ар бир үй-бүлөдө жок эле дегенде эки-үчтөн кредит бардыгын айтты. 

"Мындай шартта дагы бир кредит алып, газ киргизе алышпайт. Биз, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомубузда газификация үчүн пайызсыз, жеңилдетилген насыяларды берүү керек деп бекиткенбиз. Бул боюнча иштерди алып баруудасыздарбы?" - деп сурады. 

Амангельдиев Айылбанк жана Элдик банк аркылуу 3 пайыздык кредиттер берилип жатканын айтты эле, депутат бул суроого "канааттанбаганын" билдирди. 

"Биз пайызсыз деп бекиткенбиз, а сиздер 3 пайыз деп атасыздар. Дагы кайдагы кредит? Ар бир жарандын моюнунда 2-3 кредит бар. Андан көрө түтүктөрдү сатып алууга, кызмат акысын төлөөгө карыз берип, аны 1-2 жылга бөлүп, газдын акысынын үстүнө эле кошуп төлөтүп койсоңуздар болот", - деди депутат. 

МинКаб төрагасынын орун басары бул сунушту карап көрүшөрүн айтты.