Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкектеги батирлердин ижара акысына байланыштуу маселе көтөрдү.
Ал ижара акысы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат болуп жатканын жана бул жаш үй-бүлөлөргө, аз кирешелүү жарандарга кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.
Депутат Министрлер Кабинетинин бул жаатта кандай пландары бардыгын сурады.
МинКаб төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиевдин айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында, ислам принциптери боюнча жарандарды үйлүү кылуу аракеттери жүргүзүлүүдө. Мында мамлекет үй куруп, аны жарандарга ижарага кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен берет.
"Бул боюнча Ислам фонду менен сүйлөштүк. Алар бизге 200 миллион доллар беришмек болушкан. Бирок азыр үстүнө кошуп 400 миллион кылып берүүгө макул болушту. Биз бул акчаны алууга даярбыз, анткени өзүн актайт", - деди төраганын орун басары.