Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана тармакты өнүктүрүүгө багытталган пландардын алкагында, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана энергетиктердин ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Алсак, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында капиталдык курулуш планын ишке ашыруу, электр тармактарынын инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында өздүк каражаттын эсебинен 35 даана атайын техника сатып алууну пландаштырууда.
Сатылып алына турган техникалардын тизмеси:
16 даана - бригадалык унаа;
8 даана – эксковатор;
8 даана – автовышка (25 метр);
3 даана - жүк ташуучу унаа кирет.
Бул техникалар тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана тармактын материалдык-техникалык базасын күчөтүүгө жардам берет.
Маалымат үчүн: 2025-жылы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому өздүк каражатынын эсебинен 140 атайын техника сатып алган.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолоруңуз жаралса, күнү-түнү иштеген чалуу борборунун төмөндөгү номерлерине кайрылсаңыздар: 105 (акысыз) +996 772 001209 +996 556 001209 WhatsApp: +996 702 001209