Печать
Категория: Коом
Просмотров: 301

Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 4-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 26 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.