Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүнүн Мамажан көчөсүнөн тарта кезектеги таңкы рейд жүргүздү. Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Таңкы рейддин жүрүшүндө мэр Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү максатында жолго тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз объектилерди жана жол жээгиндеги курулуштарды алып салуу, ошондой эле айрым турак жай объектилерин соода-сатык жай катары мыйзамсыз пайдаланган учурларды аныктоо жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан демонтаждоо иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.
Шаар мэри аталган көчөнү кеңейтүү иштерине байланыштуу айрым турак жай ээлери Эне-Сай конушуна көчүрүлөрүн маалымдады.
Учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.