Прокуратура органдарынын ардагери Доктурбай Асанакунов 83 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Доктурбай Асанакунов 1943-жылдын 2-февралында Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.
1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин прокуратура органдарына кабыл алынып, 33 жыл ичинде райондук жана областтык прокуратура органдарында ар түрдүү жооптуу кызматтарды аркалап, 2006-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Көп жылдык кызматында мыйзамдуулукту камсыз кылууга, укук тартибин бекемдөөгө жана кадрларды тарбиялоого олуттуу салым кошуп, жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу жана адамгерчилиги менен кесиптештеринин терең урматына ээ болуп, ак ниет эмгеги үчүн бир катар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.