Депутат Жаныбек Аибров Бишкектеги мектептердин техникалык кызматкерлеринин айлыгы жашоо минимумунан аз экенин билдирди.
Айтымында, бир жума мурда ал №74 мектепке барып, эмгек жамааты менен баарлашкан.
“Президент Садыр Жапаров декабрь айындагы Элдик курултайда быйыл апрель айынан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн айткан.
Мектеп жамааты мындай чечимге ыраазычылык билдиришти, бирок техникалык жана кенже тейлөө персоналдары – пол жуугуч, көчө шыпыргыч, ашпозчу жана коопсуздук үчүн жооп берүүчү кызматкерлер көңүл сыртында калып кеткенин билдиришти”, - деди депутат.
Абиров белгилегендей, мектептердин аталган кызматкерлеринин айлык акысы 8 448 сомду түзөт. Катчынын айлыгы – 8800 сом, чарба бөлүмүнүн башчысыныкы болсо 12 320 сом.
“Инфляцияны жана шаардагы жашоо минимумунун өсүшүн эске алганда, 8500-9000 сом менен бир ай жашоо өтө кыйын”, - деди депутат.