Депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында 10 ай окутуп айдоочулук күбөлүк берүү боюнча чечимге өз көз карашын билдирди. 

Ал депутаттардын негизги милдети - элдин үнүн бийликке жеткирүү экенин белгиледи. 

"Биз айткандардан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Элдин үнүн айтканыбызды популизм катары карай берсек кандай болот. Айдоочулук күбөлүк берүү үчүн 10 ай окутуу көп деп айттым, бул менин эмес, жалпы элдин ою. Он ай деп белгиленгени менен кээ бир акылдуу адамдарыбыз бар, айрыкча жаштар бир айда алып коюшу мүмкүн. Теориялык сынактан өтүп кетиши мүмкүн. Азыр ар бир үй-бүлөдө, ар бир жаранда айдоочулук күбөлүк бар, анткени заман талабы ушундай. Анан эми сен каалайсыңбы - каалабайсыңбы, 10 ай окуйсуң деген туура эмес. Бир автомектептин окутуучусу "жок дегенде 6 ай окутуп анан күбөлүк берели" деп айтып жатат. 3 айдан кийин сынак тапшырталы, өтсө айдоочулук күбөлүгүн алып кетсин, өтпөсө окуганын дагы улантсын. Бүгүнкү күндө мурдагы жылдарга салыштырмалуу жол кырсыгы көбөйүп, адам өлүмү өсүп жатканы баарыбызды ойлондурат. Ар бирибиз күйүп эле атабыз. Мен аткаруу бийлигине каршы чыккан жокмун, мен сунушумду айттым. Элдин нааразычылыгын көбөйтпөгүлө", - деди депутат. 

Ошондой эле ал элдин добушу менен шайланып келгенин жана андыктан элдин үнүн трибунада көтөрө берээрин кошумчалады.