Печать
Категория: Коом
Просмотров: 301

30-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти (мындан ары – Транспорт департаменти) Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы менен биргеликте Бишкек–Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүздү.Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Социалдык тармактар аркылуу кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек–Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатканы тууралуу арыздар түшкөн. Кɵйгɵй чыккан каттамдарга мониторинг жүргүзгɵндɵ, жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан кɵп болгондугу аныкталган.

Бул маселени чечүү максатында 2-февралда Транспорт департаменти №350 жана №353 маршруттук каттамдарды тейлеген ЖЧКлардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйында дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөрү, ал эми кечки саат 20:00дөн кийин жүргүнчүлөр азайып, айдоочулар чыгымын жаба албай жатканы айтылды.

Жыйынтыгында, каттамдардын жетиштүү санын камсыз кылуу жана жүргүнчү ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн, зарыл болгон учурда бекитилген ыраатамадан (расписание) тышкары кошумча камдыктагы кичи автобустар коюлуп, рейстердин саны көбөйтүлдү.