Печать
Категория: Коом
Просмотров: 203

Коомчулукта талкуу жараткан Ирак Республикасынын аймагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.Дженалиеванын айланасындагы кырдаал тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүнү маалымдайт.

2025-жылдын 7-ноябрында аталган жаранга байланыштуу маалыматтар социалдык тармактарда тарай баштаган учурдан тартып, А.Б.Дженалиевага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Элчилиги маселени тактоо жана жарандын укуктарын коргоо багытында ыкчам иштерди баштаган.

Элчиликтин кызматкери тарабынан маселе толук чечилгенине чейин Ирак Республикасынын тиешелүү органдары менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп, А.Б.Дженалиеванын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, телефон сүйлөшүүлөр аркылуу кеңири маалымат берилип турган.

Жыйынтыгында, А.Б.Дженалиеванын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылышы тездетилип, 2025-жылдын 26-декабрында ал Кыргыз Республикасына кайтып келген.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандардын жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.