Печать
Категория: Коом
Просмотров: 233
Возможно, это изображение учеба, осветительное оборудование и стол

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов бүгүн, 2-февралда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда табигый кырсыктар учурунда ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган каржылоо механизмдерин ишке киргизүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты.

Акылбек Мазарипов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү кырсыктардын тобокелдигин жоюуну каржылоо жолдорун иштеп чыгууга болгон кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирди. - Табигый кырдаалдарга каршы туруу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюуда бул долбоордун мааниси чоң.

Өз кезегинде Томас В.Кесслер катуу жер титирөө, сел жана өтө кыйратуучу табигый кырсыктарга ыкчам чара көрүү, анын кесепеттерин жоюуну камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ар дайым колдой турганын билдирип, Азия өнүктүрүү банкы КР ӨКМ тарабынан сунушталган ар бир демилгени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар жарандык коргонуу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу боюнча ар тараптуу кызматташтыкты улантууну макулдашышты.