Печать
Категория: Коом
Просмотров: 492

Ички иштер министрлиги таксиге лицензия берүү мөөнөтүн  2026-жылдын 1-июлуна чейин узартат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2025-жылдын 12-сентябрынан баштап жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.

Ал эми, 2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун негизинде такси кызматына лицензия алуунун мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, 8000 дей жарандарга жана 300 ашуун юридикалык жактарга лицензия берилди. 

Жарандардын кайрылууларын эске алып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен таксилердин ишин лицензиялоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Бүгүнкү күндө такси кызматына лицензия берүү бардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.