Печать
Категория: Коом
Просмотров: 709

 

Возможно, это изображение текст

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 28-январда, Кытай Эл Республикасынын башкы аналитикалык борбору болгон Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян жана ал жетектеген делегациянын курамындагы тарыхчылар менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун жана тарыхчыларынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

"Биз билгенден, Гао Сян мырза Кытайдын Цин доорундагы тарыхы боюнча чоң окумуштуу. Андан сырткары, Гао Сян мырзанын азыркы эл аралык абал тууралуу билдирүүлөрү, докладдары да такай эксперттик коомчулуктун көңүл чордонунда", - деди Мамлекеттик катчы.

Өз кезегинде, Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун кызматкерлери менен жолугушууда кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы боюнча булактарды биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "习近平总书 KИK 6KHblH KnK6KHblH6a 6ae Cи n3иHblnиHAии n3иHblnиHAии4blrapH 4blrap 揭牌 A4blлblw 2026年1月28日吉尔 2026年1 1月28日 吉尔、 2026年1月28日 28 RHBapb 2026-жbl 28xHapb2026-xmm 2026- K"Возможно, это изображение текстВозможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст "高用 用 A rao OCaM Cau 日 TuRA"