Депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн учурдагы 3 айлык окуу мөөнөтүн 10 айга узартуу чечимин сынга алды.
"Эмненин негизинде 10 айга көтөрүп алышты? Бул кылыгы менен президентибизди да аралаштырып, туура эмес иштерге кириптер кылып жатышат. Ошондуктан бул боюнча тез арада парламенттик угуу кылбасак болбойт. 10 ай деп айтып жаткан киши өзүнүн деңгээлине салыштырып, он ай деп жатса керек. 3 айда окуп ала турган адамдын укугун тебелеп, эмнеге 10 айга макул болушубуз керек? Учкуч айтып жатат "мен бир айда окуп самолет айдаганды үйрөндүм" деп", - деди депутат.