Куткаруучулар Ала-Арча капчыгайында эс алуучулардын бирине кезектеги жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тоо койнунда эс алып жүргөн шаар тургундарынын биринин кан басымы төмөндөп, жардам чакырышкан.
Куткаруучулар жабырлануучуга алгачкы жардамын көрсөткөн соң, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан улам жардам көрсөтүлгөн аялдын жакындары куткаруучулардын адамгерчиликтүү мамилесине ыраазычылыктарын билдиришкен.