Печать
Категория: Коом
Просмотров: 235

Соңку жуманын ичинде өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 14 607 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 7,9%га төмөн.

Ооругандардын жалпы санынан 72,4%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Ошондой эле Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар (ТОРИ) жана сасык тумоого окшош оорулар  боюнча дозордук эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.