Печать
Категория: Коом
Просмотров: 170

26-январда саат 03:54тө Ош облусунун аймагында очогундагы күчү болжол менен 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түштүк-батышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Чайчы айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 45 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алга-Бас жана Кабылан-Көл айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды, ал эми Чайчы, Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке жана Алга айылдарында 3 баллды түздү.