Нет описания фото.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги терең кайгыруу менен Кыргыз Республикасынын маданият тармагында өзгөчө орду бар, маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер жана изилдөөчү-этнограф Айдай Бектемир кызы Асангулованын мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу аза кайгысын билдирет.

Айдай Асангулова кыргыз элинин салттуу маданиятын, улуттук кийимдерин, кийизчилик өнөрүн, оюм-чийимдерди, элечек сыяктуу руханий баалуулуктарды терең изилдеп, аларды сактоо, өнүктүрүү жана заманбап формада жайылтуу багытында үзүрлүү эмгек кылган көрүнүктүү маданият ишмери эле. Ал өз өмүрүн кыргыз элинин бай маданий мурасын келечек муундарга жеткирүүгө арнап, салттуу кийимдерди жана баш кийимдерди — калпакты, элечекти, белдемчини кайра жандандыруу жана коомчулукка кеңири таанытуу багытында бир катар маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды.

Маркум “Бүкөн” студиясынын арт-директору, “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси катары чыгармачылык жана агартуу ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө зор салым кошту. Ал ЮНЕСКОнун демилгелерин камтыган бир катар эл аралык долбоорлорго катышып, кыргыз этностилин дүйнөлүк деңгээлде таанытууга салымын кошкон. 

Анын ишмердүүлүгү жаш муундарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоодо, маданий аң-сезимди көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ болду.
Маданиятка жана кол өнөрчүлүк тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн Айдай Асангулова “Курманжан Датка” медалы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. 

Айдай Асангулованын жаркын элеси, улуттук маданият үчүн жасаган ак ниет эмгеги жана бай чыгармачылык мурасы кыргыз маданиятынын тарыхында өчпөс из калтырат. Анын калтырган мурасы жана ишмердүүлүк жолу келечек муундар үчүн руханий таяныч жана өрнөк болуп кала берет.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, кесиптештерине жана жалпы маданият коомчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтат.