Печать
Категория: Коом
Просмотров: 781

КР УКМК тарабынан 21-январда Ош шаардык ИИББ 3-ШМБ аймактык инспектору, милициянын лейтенанты «У.О.Ш.» акча алып жаткан жеринен пара менен кармалды. Бул операцияга КР ИИМ Ички иликтөө кызматы да катышты. 

УКМК билдиргендей, кармалган милиция кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ошто иштеген чет элдик жарандарга системалуу түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган. Алардын жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, ал алардан «калкалоо үчүн» деп, ай сайын 5000 сомдон 20 000 сомго чейин акча алып турган. Эгер чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартышса, айып пул салып, акыры депортация кылам деп коркутуп жүргөн. 

Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, КР КЖПК 96 жана 97-беренелерине ылайык, 3-ШМБ аймактык инспектору, милициянын лейтенанты «У.О.Ш.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын улантууда.