Печать
Категория: Коом
Просмотров: 502
Возможно, это изображение скорая помощь и текст "G9036ES G9 036ES"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Коргонду-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде 2 жаран машинасы бузулуп, тоодон түшө албай 112 кыска номерине жардам сурап кайрылышкан.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук №38 ӨКБ дан 4 куткаруучу тартылган.

Жерине жеткен куткаруучулар унаасы бузулуп, үшүп калган 2 жаранды 1 эркек адам жана 1 аял кишини Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып келишкен. Абалдары жакшы. Бул маалымат тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.