
"Эшигин шоопуруна ачтырып" деп коомчулуктун сынына кабылган министр Догдуркүл Кендирбаева жеке социалдык баракчасы аркылуу пикирин жазып чыкты. Анда ал автоунаанын эшиги ичинен ачылбай калгандыктан, шоопуру сыртынан ачып бергенин айткан.
"Урматтуу достор!
Азыр ФБ дан “ эшик ачуу” боюнча жүрүп жаткан талкууга так жооп берүүнү чечтим. Кечээ бир күндө 3 билим берүү мекемелеринин ачылышына катыштым. Алар Ош шаарында жана Өзгөндө бала бакча жана спорт залы. Машинадагы окуя боюнча: машинадан түшүп жатканымда ичинен ачылбай калгандыктан, айдоочу шашып түшүп, блоктолгон эшикти ачты. Мен муну текебердик эмес, мага жардам бергени катары кабыл алып, ыраазылык билдирдим. Өзүм деле сумка көтөртүп, эшик ачтырганды жаман көрөм. Ушунча маани берип убакыт бөлгөнүңүздөргө ыраазылык билдирем",-дейт министр.
Эске салсак, буга чейин Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева Өзгөн шаарына жасаган иш сапары учурунда унаасынан шоопуру эшик ачмайынча түшпөй отурган учур интернетке тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн.
Социалдык тармактарда тараган видеодо министр кызматтык унаанын ичинде отуруп, эшикти шоопуру ачкан соң гана сыртка чыкканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан ашыкча пафос жана мамлекеттик кызматкерге туура келбеген мамиле катары бааланды.