Печать
Категория: Коом
Просмотров: 200

Бишкек шаарында суу коргоо зоналарында мыйзамсыз жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иштер уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Аламедин дарыясынын нугунда жайгашкан «Кекеев» кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан доо-кат (эскертүү) кат берилгенден кийин, объекттин ээлери демонтаж иштерин өз ыктыяры менен башташты.

Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан ижара келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жалпысынан 2025-жылы шаардагы бардык суу коргоо зоналарында 380 объект демонтаждалды, анын ичинен 48 капиталдык курулуш, 332 жеңил типтеги объект. Бул багыттагы иштер улантылууда.