Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

Кечээ, 20-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхка ээ окуу жайды өнүктүрүү багытындагы бардык демилгени Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жигердүү колдоп келе жатканын белгилеп, көрсөтүлгөн жардамдар билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады. «Ага ылайык, окумуштуулар кеңешинин чечими менен Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору» наамын ыйгарып жатабыз», – деди Догдурбек Чонтоев. Ошондой эле Төрагага окуу жайдын маарекелик медалын ыйгарды.