Бишкектеги Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана штаб тартылган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.