Печать
Категория: Коом
Просмотров: 586

Бишкекте өрттөн бир чет өлкөлүк жаран каза болуп, 38 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү. 

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрт болгон жерде 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды. 

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.