Печать
Категория: Коом
Просмотров: 433

Былтыр дипломаттар үчүн Вашингтондо 5, Нью-Йоркто 5 имарат сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министрдин айтымында былтыр элчиликтерге имарат алуу боюнча активдүү иш жүргөн.

«Быйыл бардык процедуралар бүттү. Австриядагы Кыргызстандын элчилиги үчүн 6-7 млн долларга имарат алуу каралууда. Жакшы райондо, аймагы жакшы жасалгаланган. Бул 1-2 күндө эле ишке ашып кала турчу нерсе эмес.  Процесс 3 айдан 6 айга чейин созулат», - деди ал.

Кулубаевдин айтымында, бардык эле өлкөдө имарат алуу оңойго турбайт. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги уруксат берсе, жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгон учурлар болот.

«Мисалы Женевада 2 жылдан бери имарат тандаганыбыз менен сатып ала албай жатабыз», - деген министр иштер быйыл да уланарын белгилеп, Европа, Азиядагы башка өлкөлөрдө да элчилик үчүн имарат сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Булак: Баракелде

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от БАРАКЕЛДЕ (@barakeldeorg)