Печать
Категория: Коом
Просмотров: 374

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын абалын туруктуу көзөмөлгө алып, жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык фото жана видеофиксациялоо иштерин патрулдук автоунааларга орнотулган «АвтоУраган-МС» мобилдик аппараттык-программалык комплекси аркылуу жүргүзүүдө. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын абалын туруктуу көзөмөлгө алып, жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык фото жана видеофиксациялоо иштерин патрулдук автоунааларга орнотулган «АвтоУраган-МС» мобилдик аппараттык-программалык комплекси аркылуу жүргүзүүдө.

«АвтоУраган-МС» мобилдик комплекси патрулдук автоунаалар үчүн иштелип чыгып, жол кырдаалын жана транспорт каражаттарын патрулдоо учурунда 360 градус форматында бардык багытта автоматтык түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Комплекс үзгүлтүксүз видеофиксацияны камсыздап, жол эрежелерин бузган автоунааларды, ошондой эле издөөдө жүргөн, камакка алынган же чектөөлөрү бар транспорт каражаттарын автоматтык түрдө аныктайт.

Бул заманбап техникалык каражаттарды колдонуу жол көзөмөлүн күчөтүүгө, айдоочулардын тартибин жогорулатууга, жол-унаа кырсыктарын алдын алууга жана мыйзам бузгандарга карата жоопкерчиликтин сөзсүз болушун камсыздоого багытталган.

МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, жол коопсуздугу ар бир жарандан жоопкерчиликти талап кыларын эскертет.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от УПСМ по ГУВД г.Бишкек (@upsm_kg)