Печать
Категория: Коом
Просмотров: 278

Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов автоунааны айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө берди.

Алар кыскача төмөнкүдөй:

"В" жана "С" категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программа бекитилди;

"В" категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 10 айды (жалпы 480 саат) түзөт. Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, жол кырсыкта биринчи медициналык жардам берүү, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздерин окутуу, практика камтылган;

"С" категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн окуунун мөөнөтү 10 ай (422 саат);

Ал эми "В", "С" категориясына ээ болом дегендер 12 айда 576 саат окуйт;

Экзамендерди жасалма интеллект кабыл алат. Мурда 750 суроо болсо, эми анын саны 2000ге жетти;

Эгерде окуунун баасы мурда 25-35 миң сом болсо, эми өзгөрөт;

Атайын платформа түзүлөт да, окуй турган киши арызын ошол жерге калтырат

Окуунун баасы, арызды берүүнүн жол-жобосу жана автомектептер тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилет;

Келечектеги курсанттар үчүн окутуу материалдары даяр;

Ал эми учурда автоунаа айдоону үйрөнүү үчүн окуп жаткандар мурдагы программа менен окуп, экзаменди да мурдагы тартип менен тапшырат.

Булак: sputnik.kg