Печать
Категория: Коом
Просмотров: 355

Депутат Марлен Маматалиев административдик-аймактык реформанын алкагында, бир катар жаңы конуштар Бишкек шаарынын курамына кошулганын, бирок алар шаар деп гана аталганы болбосо, жашоо-шарты, инфраструктурасы айылдагыдай калганын билдирди. 

Ал Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн 6 миллион сом бөлүнгөнүн айтканын эске салды жана бул каражатты туура, максаттуу пайдалануу керектигин кошумчалады. 

"Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Ак-Босого, Үмүт, Достук деген жаңы конуштардын шаар деген аты болбосо, заты жок. Буларга микрорайон же квартал деген наам берип, бирок затын ошого жараша өзгөртүү керек. Шаардын ортосу кандай болсо, чети да ошондой болууга тийиш. Мисалы, Биринчи май районунун борбордук бөлүгү кандай дагы, чет жагы кандай экени белгилүү. Быйыл 20 мектеп, 10 бала бакча курулары айтылган, мектеп, бала бакчаны курууну ушундай жаңы конуштардан баштоо керек", - деди Маматалиев.