Печать
Категория: Коом
Просмотров: 240

Кыргызстан гепатитке каршы 250 миң доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал бул вакцина үч дозаны талап кылаарын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бекер сатылаарын белгиледи. Гепатитке тестирлөө да бекер жүргүзүлүшү мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин чаралары эрте диагноз коюуга багытталганын белгиледи ал.

Булак: 24.kg