Бусурман Одуракаев Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анда белгиленгендей, Кинематографисттер союзунун 10-январда өткөрүлгөн XXIX съездинде жашыруун добуш берүү ыкмасы менен Бусурман Одуракаев Кыргызстан Кинематографисттер союзунун жаңы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, союзду буга чейин режиссер Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.

Булак: Кабар