Печать
Категория: Коом
Просмотров: 680

Бүгүн, 9-январь саат 10:30 го карата, республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Жол кырдаалы туруктуу болуп, бардык багыттарда каттамдар камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

- Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

- Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык жана каттам бар.

- Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

- Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

Булак: super.kg