Печать
Категория: Коом
Просмотров: 608

Социалдык тармактарда жарыяланган Умра сапарына бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Наманган шаарындагы (Өзбекстан Республикасы) аэропортунан каттамга түшүү үчүн көпкө чейин күтүүгө аргасыз болгондугу тууралуу маалыматтарга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги аталган маселе боюнча Наманган шаарынын аэропортунун администрациясы, Jazeera Airways авиакомпаниясынын Өзбекстан Республикасындагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен ыкчам байланыш жүргүздү.

Авиакомпаниядан алынган маалыматка ылайык, Ош – Эль-Кувейт багыты боюнча JZR668 рейси 2026-жылдын 5 жана 6-январында аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу кечигип турган.

2026-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын жарандары автобустар аркылуу Наманган шаарынын аэропортуна жеткирилген. 2026-жылдын 6 жана 7-январында Наманган шаарында аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу аталган рейс дагы жылдырылган.

Jazeera Airways авиакомпаниясынын эсебинен Кыргызстандын бардык жарандары Наманган шаарындагы мейманканага жайгаштырылган.

2026-жылдын 8-январында жарандар аэропортко жеткирилип, саат 13:09дө учак Эль-Кувейт шаарына учуп чыккан.

Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Элчилигинин туруктуу көзөмөлүндө болуп, жарандар менен үзгүлтүксүз байланыш камсыздалган.