Печать
Категория: Коом
Просмотров: 616

Президент Садыр Жапаров «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын негизги ченемдери:

Мындан тышкары, мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди:

1) зергерчилик буюмдары менен атайын эсепке турбай иш жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти караган жаңы 295¹-берене киргизилди (жеке жактар үчүн айып пул — 5000 сом, юридикалык жактар үчүн —

13 000 сом);

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өткөнү үчүн 311-берене боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү (жеке жактар үчүн айып пул 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин көтөрүлдү, юридикалык жактар үчүн 28 000 сомдон 65 000 сомго чейин көтөрүлдү.

Жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер үчүн жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 40 000 сомго чейин көтөрүлдү, юридикалык жактар үчүн 65 000 сомдон 100 000 сомго чейин көтөрүлдү.

Кайталап бузуу болгон учурда товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо каралган.

Булак: 24.kg