Печать
Категория: Коом
Просмотров: 557

Манас шаарында 15,4 чакырымдык темир жол бузулуп, ордуна унаа жол курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад — Көк-Жаңгак темир жолу демонтаждалууда, иштер 1-февралда аяктап, андан кийин унаа жолдун курулушу башталат.

“Бул иштер Манас шаарынын Т. Байзаков проспектинен Октябрь айылынын Ормон бий көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган тилкеде поезд акыркы жолу 1998-жылы өткөн, андан бери пайдаланылбай турат.

Булак: sputnik.kg