Печать
Категория: Коом
Просмотров: 456

Бишкектеги Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын реаниматолог дарыгери Айгүл Олимжановна Зибирова көз жумду.

Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү ал нөөмөттө болгон. Ал эми 2-январда анын каза болгону тууралуу кабар тараган.

Аталган факт боюнча текшерүү иштери башталды.

«Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

Кийинчерээк социалдык тармактарда маркумдун эжеси Мехригүл Зибирова да маалымат бөлүштү. Анын айтымында, сиңдиси асфиксиядан каза болгон, окуя болгон учурда анын жанында мурунку жигити болгон.

Булак: govori.tv