Печать
Категория: Коом
Просмотров: 432

Жаңы жылдын алгачкы эс алуу күндөрүн тоолуу аймактарда өткөрүүдө өзгөчө коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, баллон (тюбинг) менен муз тебүүдө ылдамдык жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу чоң.

Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт. Каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана жана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керек.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды күтүлбөгөн коркунучтардан сактаңыз:

Коопсуз муз тебүү эрежелерине көңүл буруңуз:

Булак: 24.kg