Печать
Категория: Коом
Просмотров: 363

Президент Садыр Жапаров тууралуу документалдуу тасма жарык көрдү. Бул тууралуу аталган тасманын автору Айбек Бийбосунов билдирди.

«Достор, сиздерге “Президент” деп аталган документалдуу тасмабызды сунуштаганы турабыз. Анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам»- дейт Бийбосунов өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, документалдуу тасма төрт сериядан турат. Биринчи сериясы бүгүн, 5-январда саат 19:00до, калганы 6-7-8-январда Айбек Бийбосун уулу ютуб каналында жана өлкөдөгү бардык телеканалдарда көрсөтүлө турганы айтылды.

Булак: 7tv.kg