2025-жылдын 24-декабрында саат болжол менен 23:58де 102 кызматына Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, болжолдуу түрдө мас абалында, жол-транспорт кырсыгын жасап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, «ысык из» менен унаа жана аталган транспорт каражатынын айдоочусу аныкталган. Бирок айдоочу видеодалилдердин бар экенине карабастан, унааны өзү башкаргандыгын четке каккан. Бул маалымат тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада автомашина айып короосуна токтотулду. Айдоочуга карата бардык тиешелүү укук бузуу боюнча протоколдор түзүлдү.

Бул окуя дагы бир жолу мас абалында транспорт каражатын башкаруу катуу тыюу салынганын жана жарандардын өмүрү менен ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурарын тастыктайт.

Урматтуу айдоочулар! Мас айдоочу — бул потенциалдуу адам өлтүргүч. Жол кыймылынын эрежелерин сактап, айланаңыздагы адамдардын өмүрүн коргоңуздар.