Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултайдын алкагында өлкө боюнча 67 социалдык объект онлайн форматта ачылып, пайдаланууга берилет.

Пайдаланууга берилүүчү объекттер калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле аймактардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Алар:

• мектептер – 28;

• бала бакчалар – 25;

• саламаттык сактоо объекттери – 7;

• маданият объекттери – 1;

• спорт объекттери – 5;

• башка объекттер – 1.

Аталган объекттер Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылды.