Ысык-Көл облусунун аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Балыкчы шаарына Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу  менен өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

«Лабораториянын курулушуна лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректер менен жабдууга жалпы суммасы — 350 миң АКШ доллар каралган.  Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров Ислам Өнүктүрүү Банкынын жана ЮниХелп компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен Юнихелп компаниясыны ортосунда лабораториялык жабдууларды жана эмеректерди алуу үчүн 14 170 121,0 миң сомдук келишимге кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Карантиндик фитосанитардык лабораториянын курулушу Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл кадам болуп саналат. Бул карантиндик зыянкечтерден келтирилген зыянды минималдаштырууга гана эмес, анын жаратылыш ресурстарын коргоо аркылуу региондун экономикасын чыңдоого да мүмкүндүк берет. Заманбап лаборатория айыл чарбасынын багытында токой ресурстарын сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ишенимдүү инструмент болуп калат.

Булак: govori.tv